Turmush — Нарын облусунун Жумгал районунда 7-апрель — Элдик революциясында курман болгондор эскерилди. Бул окуяга быйыл 16 жыл болду.
Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, иш-чарага район жетекчилиги жана мекеме жетекчилер, апрель баатырларынын жакындары катышты.
Иш-чаранын алкагында Жумгал райондук борборлоштурулган китепканасы тарабынан көркөм окуулар уюштурулуп, 7-апрель окуяларына арналган ырлар, эсселер жана публицистикалык чыгармалар айтылып, Куран окулду.
Апрель окуясында Жумгал районунун 8 тургуну курман болуп, 7 тургун оор жаракат алган. Учурда район аймагында Апрель революциясынын 10дон ашык катышуучусу бар. Курман болгон Алтынбек Шабданбек уулу менен Эрнис Миңбаевдин ысымдары Чаек айылындагы бала бакчаларга берилген.