Turmush — Нарын районуна караштуу Чет-Нура айыл аймагынын Чет-Нура айылында Келечек атындагы паркынын курулушу, Чет-Нура бала бакчасынын кошумча корпусунун жана Э.Ибраев атындагы айылдык клубунун ремонтунун жыйынтыгы менен үч социалдык объетинин ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалыматка караганда, салтанаттын жүрүшүндө Чет-Нура айыл аймагынын социалдык жана экономикалык жактан өсүшү жөнүндө айтылып, мамлекет тарабынан түзүлүп жаткан шарттар жөнүндө айтылды. Келечек муунга татыктуу тарбия берүү жагы дагы Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы тарбынан баса белгиленди.
Чет-Нура бала бакчасына кошумча корпус куруу Дем берүүчү (үлүштүк) гранттын, Нарын райондук өнүктүрүү фондунун жана Чет-Нура айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин үч тараптуу каржылоосунун натыйжасында ишке ашты. Долбоордун аткарылыш наркы 4 741 126 сом.
Э.Ибраев атындагы айылдык клубунун ремонту дагы Дем берүүчү гранттын жана жергиликтүү бюджеттин каржылоосу менен ишке ашты. Долбоор 1 943 261 сом акча каражатына ишке ашырылды.
"Келечек" наамы берилген смарт парктын курулушу Нарын райондук өнүктүрүү фонду жана жергиликтүү бюджетттин катышуусунда ишке ашты. Долбоордун наркы 3 036 646 сом.