Turmush — Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Орловка шаарындагы суу топтоочу жайга видеокамера орнотулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Аталган жайдан талааларга суу берилет. Суу башындагы тоскучка (шлюз) видео көзөмөл орнотулду. Аталган суу тоскуч Калинин менен Арычная көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.
Мэриянын маалыматына караганда, суу тоскучту кезексиз ачып, сууну өз алдынча башаламан колдонгон фактылар болгон. Ушундай көрүнүштөрдүн алдын алуу үчүн жана вандализмге жол бербөө максатында видеокамера коюлду.