Turmush — Кара-Балта шаарынын В.Ленин атындагы маданият үйүндө мамлекеттик тил күнүнө арналган «Улут болсом — тилим менен улутмун» аталышындагы салтанаттуу маараке өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, анда Жайыл районунун акими Төрөгелди Туркбаев, Кара-Балта шаарынын мэри Мирлан Жекшенов, согуштун жана эмгек ардагерлеринин төрагасы Аппан Абдыкеев мамлекеттик тил күнү менен куттукташты.
Иш-чаранын концерттик программасында «Дельфин» бала бакчасынын балдары, профессионалдык билим берүү мекемелеринин жана мектептин мугалимдери жана окуучулары ыр тартуулашты.
1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРнин Жогорку Совети «Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамын кабыл алып, андан соң кыргыз тилине мамлекеттик тил макамын берген.
Бул мыйзам 2004-жылы Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан жаңыланып, анда кыргыз тили мамлекеттик тил, орус тили расмий тил деп жарыяланган.
Кыргыз тилине мамлекеттик тил макамынын берилиши-адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө, аны менен бирге коомдун руханий жаңылануусуна, жаңыча ой жүгүртүүсүнө, эне тилдин кадырын көтөрүүгө ташталган зор кадам болгон.