Turmush — Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылында коомдук ишмер Назарбек Барыктабасов каза болду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга кызы Салтанат Барыктабасова билдирди.
Анын айтымында, атасы жүрөгү кармап каза болгон.
«Атам байкуш 12-январь күнү 80 жашка чыккан. 18-январь күнү түштөнүүдөн соң сыртка чыгып келип, жүрөгүн кармап алып: "Кара терге түшүп жатам" деп, 5 мүнөттүн ичинде эле кете берди. Эми атам жөнүндө айта турган болсом сөз көп. Биздин ар бир күнүбүз, балалыгыбыз жакшы өткөн. Бардыгыбызды окутту. Биз 11 бир тууганбыз. Мен эң кичүүсү болгондуктан, аябай эркелетишчү. Кичинекей кезимде үйгө коноктор келип калган учурда мени таарынтып алышса, эт тарта турчу бөлмөгө кирип, төргө тултуюп отуруп алчу экенмин. Ошондо атам урушпай, "турагой кызым, тур эми" деп аябай эркелетип тургузчу экен. 11-классты аяктап, Бишкекке барып окуйм десем, эжелерим: "Нарындан эле оку" деп коюшкан. Атам: "кызым өзү каалаган жерине барып, каалаган окуусун окуйт" деп мени колдогон. Ошентип, атамдын жолун жолдоп, экономика боюнча окуп келдим. Атам футбол, бокс деген спорттун түрлөрүнө абдан кызыкчу. Дайыма чөнтөгүнө салып жүргөн блокноту бар эле. Каза болгондон кийин ошол блокнотун ачсам, белгилүү футболчулардын аттарын, футбол клубдарынын аталышын, кимиси канчанчы орунда турарынан бери жазып алыптыр», - деди кызы Салтанат.