Turmush — Ноокат шаардык мэриясында коррупцияга каршы аракеттерди күчөтүү жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу маселелерине арналган кеңейтилген форматтагы жыйын өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарага Ноокат райондук прокуратурасынын өкүлү Жылдыз Заиров, шаар мэринин орун басары Мансур Данияр уулу, райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Махабат Патаева, социалдык педагогдор, шаардык кеңештин депутаттары, имам-хатибдер жана шаардык коомдук алдын алуу борборунун өкүлдөрү катышты.
Жыйындын негизги максаты коррупцияга каршы аракеттерди күчөтүү, укук бузуулардын алдын алуу жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун бардык түрлөрүнө бөгөт коюу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болду.
Талкуу учурунда коомдогу мыйзамдуулукту сактоо, зордук-зомбулуктун алдын алуу, жашы жете элек балдарды мыйзамсыз эмгекке тартуу, ошондой эле ата-энелердин миграцияга кетишинен улам балдардын кароосуз калышы сыяктуу маселелер көтөрүлдү. Катышуучулар тиешелүү докладдар менен чыгышты.
Жыйындын жыйынтыгында жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун жана суициддин алдын алуу иштерин күчөтүү боюнча бир катар милдеттер белгиленди. Ошондой эле ата-энеси чет өлкөдө жүргөн балдарды көзөмөлгө алуу, кароосуз калган балдарды өз убагында аныктоо, социалдык жактан аяр катмарга колдоо көрсөтүү жана туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок балдарды документтештирүү зарылдыгы баса белгиленди.
Жыйын соңунда мэрия тиешелүү мекемелер менен биргеликте иштерди улантарын билдирди.