Turmush — Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Кичи-Кемин айыл аймагындагы Советское айылы болжол менен 1900-1903-жылдары орус келгиндери тарабынан негизделгени айтылат. Айылдын тарыхы жана айылдан чыккан инсандар тууралуу №7 китепкананын башчысы Бактыгүл Жанталиева Turmush басылмасынын кабарчысына айтып берди.
Анын айтымында, бул айыл эл оозунда Жол-Булак деп аталат.
«Совет өкмөтү 1918-1920-жылдары орногон. Ошол кезде орустар тарабынан айылга Советское деген ат берилген экен. Бирок эл оозунда Жол-Булак деген аталыш азыркы кезге чейин сакталып калган. Орто көчөсүндө биринчи отурукташкан орустар жашашкан. Кыргыздар кийин келип жайгашкандыктан эки четки көчөдө жашашкан экен.
Алгач Кичи-Кемин селсоветинин курамында болгон. Болжолдуу 1935-1936-жылдары айылда 2 колхоз түзүлгөн. Айылдын ортоӊку көчөсүндө орус колхозу түзүлүп, аны Краснобородько деген киши башкарган. Экинчи колхоз "Жол-Булак" деп аталып, алгачкы башкарма Алымкул Жакшыбаев болгон. Андан кийин Ысак Нурдавлетов жана башкалар болгон.
Айылдагы чарбанын өсүшүнө салым кошкон инсандар: Жакшыбай Алымкулов, Ысак Нурдавлетов, Мамытжан Тарыхбаев», - деди ал.
Дайынсыз жоголгон башкарма, армандуу кат
Жакшыбай Алымкулов айылдагы алгачкы «Жол-Булак» колхозунун алгачкы башкармасы болгон. Ал абдан чынчыл, так иштеген, жоопкерчиликтүү адам болгон. Коллективдүү чарбанын өнүгүшүнө бардык күч-кубатын багыттап, совет өкмөтүнүн чыӊдалышына салымын кошуп, эл камын көргөн.
1937-жылы жалган жалаанын айынан репрессияга туш болуп, камакка алынган. Көпкө чейин тагдыры белгисиз болуп, аялы жана Социал аттуу кызы экөө жол карап күтүшкөн. 1990-жылы гана Социал эженин үзбөй жазган катына акыры жооп келген. Анда Алымкул Жакшыбаев 1937-жылы 30-декабрда репрессияда атылганы, 1064-жылы толугу менен акталганы жазылган. Анын ысымы Жол-Булак айылынын көчөлөрүнүнүн бирине коюлду.
Репрессияга кабылган райондогу алгачкы мугалимдердин бири Мамытжан Тарыкбаев (1899-1937)
Мамытжан Тарыкбаев 1899-жылы Советское айылында туулган. Ал энергиялуу, максатка умтулган, айылда биринчилерден болуп окуганды жана жазганды үйрөнгөн. 1924-жылы Токмоктогу курстарды ийгиликтүү аяктап, Алматы педагогикалык техникумуна окуусун улантууга жөнөтүлгөн.
Мугалимдик квалификациясын алгандан кийин Кемин районунда мугалим болуп иштеп, сабаттуулукка активдүү катышкан. 1930-жылы Жаңы-Жол айылына мектеп куруу демилгесин көтөргөн. Өспүрүмдөр жана алардын ата-энелери менен бирге чопо кыш куюп, алгачкы эки бөлмөлүү мектепти курган. Анын жаш жердештери ушул мектепте окуй башташкан. 1936-жылы совет өкмөтү ага чоң ишеним көрсөтүп, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы кылып дайындаган.
Мамытжан Тарыкбаев 1937-жылдын 30-декабрында жалган жана негизсиз айып менен камакка алынып, Магнитогорскиде өлүм жазасына тартылган. Ички иштер элдик комиссариатынын токтомунун негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку соту 1998-жылдын 22-декабрында аны сталиндик репрессиядан актаган.
Айыл эли биринчи мугалим, биринчи мектепти курган айылдашынын элесин бийик тутуу менен эскерет. Т.Мамытжановдун жаркын элесине арнап 2015-жылы 250 окуучуга ылайыкталып курулган жаңы мектепке анын ысымы ыйгарылган.
Ачарчылыкта Союздан катып, элге талкан, айран, каймак таратып берген Ысак Нурдавлетов
Ал «Жол-Булак» колхозуна 1937-жылы башкарма болуп дайындалган. Ошондо ал болгону 25 жашта болгон. 1939-жылы Кызыл Армиянын катарына чакырылат. Согушка катышып, 1943-жылы жарадар болуп, айылына кайтып келет. Жогоруда айтылган эки колхоз 1941-жылы ирилештирилип, Калинин атындагы колхоз болгон. 939-1943-жылдары колхоздо согуштан «бронь» менен калган Абдрашит деген адам башкарма болуптур. Ысак Нурдавлетов согуштан аман-эсен келгенде кайра башкарма болуп дайындалган.
Согуш убагында чарбада уй багылып, талаачылыкта буудай өстүрүлгөн. Бардык оор жумуштар аялдар менен балдардын мойнунда болгон. Согуштун кесепетин тарткан эл ачарчылыкта кыйналган. Анткени болгон азык-жыйналган эгин, чарбадагы малдын эти фронтко жөнөтүлүп турган.
Эл ачкалыктан кыйналып жаткандыктан Ысак Нурдавлетов эки-үч уйдан чыккан сүткө айран уюттуруп, жазында себе турган үрөндүк буудайдан жасалган талкандан кошуп, ар бир үйдөгү киши башына карата тараттырууга аргасыз болуптур. Ошол учурда чарбанын уйлары саалып, андан каймак, быштак жасалып, өкмөткө өткөрүлчү экен. 1945-жылы жазында үрөндүк буудай калбай калгандыктан Ысак башкарма жанына эки адам алып, эки ат араба менен Ат-Башыга барып, үрөндүк буудай топтоп келип, сепкен экен.
Фронт үчүн, Жеңиш үчүн талыкпастан эмгектенген элдин камын көргөн Ысак башкарманын үстүнөн «үрөндүк буудайды тараткан, чарбанын малын катып алган» деп бирөөлөр тоголок арыз жазып, ал аз жерден атылып кете жаздаптыр. Ысак Нурдавлетовдун эл ачкачылыктан кырылып калбасын деп аргасыздан ушундай кадамга барган гумандуулугун, жазында үрөндук буудайдын ордун толтуруп жана сепкендигин эске алган сот 3 жылга эркинен ажыраткан экен. Жазасын өтөп келгенден кийин Ысак Нурдавлетов чарбанын жумуштарында эмгектенген.
Айылдагы социалдык имараттар
Улуу Ата Мекендик согушка айылдан 80 адам аттанып кетип, 38 адам келбей калган. Учурда айылда бир дагы согуш ардагери жок.
Айылда алгачкы мектеп 1930-жылы курулган. Андан соӊ 1964-жылы 200 орундуу жаӊы мектеп курулган. Окуучулардын саны өсүп, эски мектептерге батпай калганда 2015-жылы мамлекеттен 72 млн сом бөлүнүп, 250 орундуу мектеп курулган.
Ал эми ФАП 1965-жылы курулган. 1964-жылы курулган мурунку 200 орундуу мектептин имараты 2019-жылы оӊдоп-түзөөдөн өтүп, 100 орундуу бала бакча ачылган.
Китепкана 1952-жылдан бери иштеп келет. Алгачкы айылдын китепканачысы Кулбайра Акматова, көп жылдык талыкпаган эмгеги үчүн «Ленин» ордени менен сыйланган. Ал 1969-жылы иш бөлмөсүндө күтүүсүз каза болгон. Андан кийин көп жыл бою айылдагы китепкананы Жукун Сарыбаева жетектеди. 2014-2017-жылдары Журсун Саманчиева жетектесе, андан бери Бактыгүл Жантелиева жетектеп келүүдө. Китепканада 5200 китеп бар жана 419 окурман үзбөй окуп турушат.