Turmush — Бүгүн, 8-апрелде таң эрте Кара-Балта шаарында унаа кырсык катталды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы кабарлады.
Маалыматка караганда, кырсык саат 05:30 чамаларында Кара-Балта шаарынын Кожомбердиев көчөсүндө болгон. «КИА К5» үлгүсүндөгү унаа түштүктөн түндүкү карай бара жатып оң жактагы жол тосмону, бакты сүзүп, андан соң токтоп турган «Тойота Эстима» үлгүсүндөгү унаага барып урунган. Анын кесепетинен «КИА К5» унаасында жүргүнчү катары бара жаткан 1 адам каза болгон. Айдоочу менен дагы бир жүргүнчү Кара-Балта шаарынын аймактык ооруканасына тез жардам унаасы менен жеткирилген.