Turmush — Багышта курулуп жаткан Жалал-Абад эл аралык аэропортунун учуп-конуу тилкесинде асфальт төшөөгө чейинки иштер 80 пайызга аткарылды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Уларбек Исмаилов курулуш иштери менен таанышуу учурунда билдирди.
«Жалал-Абад эл аралык аэропортунун курулушу өз нугунда жүрүп жатат. Азыркы тапта аба майданынын учуп-конуу тилкесинде асфальт төшөөгө чейинки жер иштери 80 пайызга аяктады. Учурда бул жерде 150 жумушчу жана 70 атайын оор техника иштеп жатат. Ал эми аэровокзалдын бетон иштери 90 пайызга, дубал көтөрүү иштери 30 пайызга аяктады. Бул жерде да 100дөн ашык адам эмгектенүүдө. Куруучулар иштер өз мөөнөтүндө аяктай турганын айтып жатышат», — деди У.Исмаилов.
Аталган аэропорт үчүн Сузак районунун Багыш айыл аймагынан 381 гектар жер тилкеси бөлүнүп берилген. Долбоордун буюртмачысы — «Кыргызстан аэропорттору» ААК, ал эми башкы подрядчысы — Кыргыз Республикасынын президентинин иш башкармалыгына караштуу «Кыргызстройсервис» мамлекеттик ишканасы.
Аэродром бөлүгүн «Кыргыздортранспроект» мамлекеттик ишканасы, ал эми аэровокзалдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаменти ишке ашырууда.
Маалым болгондой, саатына 350 адамды кабыл ала турган үч кабаттуу аэровокзал курулуп жатат. Узундугу 3 чакырым 800 метр, туурасы 60 метр болгон учуп-конуу тилкесинде асфальт төшөөгө чейинки иштер жүргүзүлүүдө.
Жаңы аэропорт 4E категориясына кирет. Бул B«oeing 737», «Airbus A320» жана «Airbus A321» сыяктуу ири учактарды кабыл алууга мүмкүнчүлүк берет.