Turmush — 4-апрель күнү Кадамжай районунда Молдо-Нияз айыл аймагынын Шывран айылындагы Аркалык жайлоосуна эс алууга барган 5 адамдын бири каза болду. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка караганда, куткаруучуларга ал күнү 5 жаран эс алууга чыгып, анын бирөөсү дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Издөө иштерине ӨКМден 4 куткаруучу, кошумча издөө иштерине ИИМден 15 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 12 адам, жалпы 31 адам тартылган. 6-апрель күнү кошумча издөө иштерине жергиликтүү тургундардан 20 адам кошулуп, жалпы 90 адам жана 1 дрон тартылган. Натыйжада куткаруучулар тарабынан 1957-жылы туулган Д.Р. аттуу эркек кишинин сөөгү табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берилди.
Кадамжай райондук ички иштер бөлүмү бул факты боюнча териштирүү иштери жүрүп жатканын билдирди.