Turmush — Кадамжай районунун Айдаркен аймагында 16-17-кылымдарга таандык таш оролордун калдыктары бүгүнкү күнгө чейин сакталып турат. Бул тарыхый мурастар тоо этектеринде, эл көп каттабаган аймактарда жайгашкан.
Жергиликтүү тарыхчы Абдыманап Кудайкуловдун айтымында, мындай таш оролор илгери дан эгиндерин сактоочу кампа катары пайдаланылган.
«Айдаркен аймагы тоолуу, кар көп жаткан жер болгондуктан, 16-17-кылымдарда дээрлик эл кыштаган эмес. Жазында мал карап, эгин айдашканы менен кышында ылдый жылуу жерлерге түшүп кетишкен. Ал мезгилде көчкөндө артынып кетүү кыйын болгондуктан, кышка жете турган азыктарын гана алып, калганын тоо этектериндеги атайын таш оролорго катып кетишкен. Таш орону таштан каптама кылып, үстүн тандырдын оозундай ачык калтырышкан. Ошол жерден түшүмүн салып, кайра таш менен жаап кетишкен. Жазында кайтып келип пайдаланышкан», - деди ал.
Учурда Айдаркен ашуусундагы таш оролордун көбү талкаланып, ордунун бир бөлүгү гана калган. Ал эми Гауин тоосу тараптагы таш оролор салыштырмалуу жакшы сакталып калган. Мындай таш оролорду байлар душмандар кол салып киргенде алтын-күмүш сыяктуу байлыктарын жашырууга колдонушкан. Убакыттын өтүшү менен сел, жер көчкү сыяктуу табигый кырсыктардан улам бул тарыхый жайлар бузулууга дуушар болгон.