Turmush — Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын мэриясы тарабынан жаңы мектеп автобусу алынды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, автобус жакында окуучуларды ташып баштайт.
«Окуучулардын ыңгайлуулугу жана коопсуздугу үчүн шаарга жаңы автобус келди. Ал жакында иштей баштайт жана мектеп окуучуларын ташып, жолдогу коопсуздукту камсыздайт», - деп айтылат маалыматта.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.