Turmush — Жайыл районунун Кара-Балта шаарында кооз көпөлөктөр пайда болду.
«Калаадан чоң жана кооз көпөлөктөрдү кездештирүүгө болот. Алар гүлдөрдүн үстүндө колибри (тропикалык өлкөдө жашоочу эң кичинекей ала чымчык) сыяктуу калкып учуп жүрө алгандыгы менен өзгөчөлөнүшөт», - дейт жергиликтүү тургун Виктор Тарасенко.
«Видеодо тартылган көпөлөк “күлүк калдыркан” (бражник молочайный) деп аталат. Күлүк калдыркан түрлөрүнүн көпчүлүгү гүл ширеси менен азыктанышат. Бул учурда алар гүлдүн үстүндө калкып учуп, узун түтүкчөсү менен ширени соорушат. Мындай учуу эң татаал деп эсептелет жана ал абдан аз курт-кумурскаларга мүнөздүү. Бирок бул өсүмдүктөрдүн чаңдашышына жардам бербейт. Көпөлөктөр 8-10 күн жашашат жана айыл чарба ишмердүүлүгүнө толугу менен коопсуз. Анткени алар жумурткаларын сүттүкөн (молочай) сыяктуу жапайы өскөн өсүмдүктөргө ташташат. Быйыл Кара-Балта шаарында көптөгөн ширеге бай гүлдөр отургузулду. Ошондуктан аларды сүйгөн ар түрдүү күлүк калдыркандар көп өлчөмдө пайда болушту», - деп билдирди биолог адис Ирина Стежко.