Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 12.12.2014 11:18

Кара-Балта шаарындагы бала бакчалардын биринде Ч.Айтматовдун чыгармачылыгына арналган балдар оюну болуп өттү (фото)

Turmush -  Кара-Балта шаарындагы «Алтын короз» балдар бакчасында улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун 12-декабрь туулган күнүнө карата анын чыгармачылыгына арналган балдар оюну өткөрүлдү.

Иш-чара өлкөнүн гимниси менен башталып, балдар текстти коштоп ырдашты.

Майрамдын алкагынд балдар арасында Чынгыз Айтматовдун чыгармаларын, ырларын окуу боюнча сынак болуп өттү. Сынакка 21 бала катышкан. Орус тайпасында тарбияланган наристелер кыргыз тилинде ыр окуп, ыр ырдап жана улуттук бийлерди аткарышты.

Ошондой эле, балбар бакчаларынын тарбиячылары Ч.Айтматовдун кыргыз адабиятын байыткан чыгармалары тууралуу айтып беришти.

Жыйынтыгында бардык жаш тарбиялануучулар ардак грамота, сувенирлер менен сыйланышты.

20141205_101630


20141205_102015


20141205_102115


20141205_102512

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×