Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 08.12.2014 13:54

Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттары «Ардактуу атуул» наамын ыйгаруу шарттарын кайра карап чыгууну сунушташты

Turmush -  Чүй облусунун Кара-Балта шаардында жергиликтүү кеңештин депутаттары шаардын «Ардактуу утуулу» наамын тапшыруу шарттарын кайрадан карап чыгууну сунушташууда.

Демилгечилердин айтымында, бул наамга татыктуу жарандардын тизмесин кеңейтүү керек. Бир эле депутаттык комиссиянын жактыруусу менен эмес, коомчулуктун дагы пикирин эске алуу керек.

«Биз мэрияга, коомчулукка, ошондой эле ардактуу атуул боло турган адамдын өзүнө сөз берүүнү сунуштайбыз. Анткени, мындай чечимди жалгыз депутаттык комиссия чечип койбошу керек. Бардык тараптан өздөрүнүн сунушу келиши керек. Биздин элибиз бар, алар дагы өздөрүнүн добушун бергенге укуктуу, алар дагы өздөрүнүн сунушун даярдай алышат», - деди депутаттар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×