Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 02.12.2014 16:39

Фото - Жайылда ВИЧ илдетин жуктуруп алган 30 адамдын 10у кан аркылуу, 20сы жыныстык жол менен жуктурган

Turmush -  Кара-Балта шаарынын №102 кесиптик лицейинде бүгүн, 2-декабрда СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата карата иш-чара өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш- чарада студенттер ырларды көркөм окуп, сергек жашоо образы темасына арналган викторина уюштурушту. Ар бир катышуучуга СПИДге каршы күрөшүүнүн белгиси болгон кызыл ленталар тагылды.

Маалым болгондой, иш-чарага Жайыл районунун башкы санитардык дарыгери Осмоналы Жолдошбаев катышып, ВИЧтин Кыргызстанда пайда болуу тарыхы менен анын жугуу жолдору тууралуу маалымат берди.

«Кыргызстанда алгач ирет ВИЧ инфекциясы 1987-жылы катталган. Ал кезде Токмок шаарында авиациялык окуу жайы жайгашып, анда көптөгөн чет өлкөлүк студенттер билим алган. Студенттердин бири бул илдет менен ооругандыктан, ал аркылуу Чүй облусуна, андан соң бүтүндөй Кыргызстанга жайылды», - деп билдирди ал.

Ошондой эле, жаш жигиттин убактылуу кармоочу жайдан ВИЧ илдетин жуктуруп алгандыгы аныкталгандыгын белгиледи.

О.Жолдошбаев билдиргендей, быйыл, 2014-жылы 30 адам ВИЧ инфекциясын жаңы жуктуруп алган. Изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, алардын 10у кан аркылуу, 20 адам жыныстык жол менен жуктуруп алган. 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×