Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 02.12.2014 15:01

Кара-Балта шаарында социалдык маданият боюнча декада өтүүдө (фото)

Turmush -  Кара-Балта шаарында социалдык маданият боюнча декада өтүүдө. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

№5 орто мектептин директору Людмила Кочелеванын айтымында, декаданын алкагында чийүү, адам жана коом, тарых, дене-тарбия, кыргыз жана орус тили жана адабияты, сүрөт боюнча ачык сабактар өттү.

«Мисалга алсак дене-тарбия сабагында 6-класстын окуучуларынын эстафетасы уюштурулду. Чийүү сабагында квиллинг боюнча мастер класс өтүп, аэрография менен таанышышты», -дейт директор.

10-класстын окуучулары даярдап, тарыхчы Урматбек Калеев алып барган тарых сабагы өзгөчө кызыктуу болду. Ал сабак театрлаштырылган сценка түрүндө өтүп, анда б.зч. I кылымдагы Рим чагылдырылды.

Ошондой эле, окуучулар катардагы жарандардан сурак алган күндү көрсөтүп, сурак 12 таблица ыкмасы менен жүргүзүлдү.

Бул сценка көрүүчүлөрдүн купулуна болуп, окуучулар аны бир нече күн катары менен көрсөтүштү.

20141129_132832

20141129_133410

20141129_13341720141129_133436

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×