Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 26.11.2014 11:03

Жайылдагы мектептерге бирдиктүү мектеп формасын киргизүү боюнча ата-энелерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө (фото)

Turmush -  Жайыл районунун жана Кара-Балта шаарынын мектептеринде бирдиктүү мектеп формасын киргизүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ата-энелер чогулуштары өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Кара-Балта шаарындагы №9 мектептин директору Людмила Хан билдиргендей, кийинки окуу жылынан тарта бирдиктүү мектеп формасына өтүлө тургандыгы тууралуу ата-энелерге эскертүү берилүүдө.

«Биз ата-энелерге бирдиктүү мектеп формасын киргизүү бардар үй-бүлөлөр менен аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары ортосундагы айырмачылыкты жабарын түшүндүрүп жатабыз. Мындан тышкары, мындай форма балдарды окуу процессине багыттайт. Ата-энелер түшүнүү менен кабыл алышты. Алар бир гана кездеменин сапаттуу болушун талап кылышууда», - дейт директор.

Анын айтымында, жаңы бирдиктүү мектеп формасынын баасы болжолу 2 миң сомду түзөт.

«Эгерде үй-бүлөдө 2 окуучу бала болсочу? Ата-энелер Билим берүү министрлиги өлкөдөгү аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн форманын бюджеттик варианттарын карап көрөрүнө үмүттөнүшөт. Биздин мектептеги 550 баланын 150сү аз камсыз болгон үй-бүлөдөн. Бирок биз бул көйгөйдү өз алдынча чечүүгө мүмкүнчүлүгүбүз жок», - деп билдирди Л.Хан.

SAM_2221

SAM_2222

SAM_2226

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×