Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 21.11.2014 16:16

Кара-Балтадагы «Спиртзаводу» мамлекеттик ишканасына жеке спирт заводдору атаандаштык жаратууда, - директордун орун басары А.Эгимбаев

Turmush -  Мамлекеттик спирт заводунун негизги көйгөйү – жеке спирт заводдорунун атаандаштыгы. Бул тууралуу Кара-Балта шаарындагы «Спиртзавод» мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Азат Эгимбаев билдирди.

Анын айтымында бүгүн, 21-ноябрда заводдо Мамлекеттик мүлк комитети фондунун төрагасы Дүйшөн Ирсалиевдин катышуусунда жыйын өттү. Ага Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы, Айыл-чарба министрлигинин кайра иштетүү боюнча башкармалыгынын өкүлү жана Жайыл районунун акими катышты.

Жыйында андагы 150 кызматкердин жылына 10 ай камсыздоосуз эргүүдө болору маалым болду.

Белгилүү болгондой, завод даяр продукциялардын ашыкча болгондугуна байланыштуу 1-24-январда иштеген бойдон токтоп турат. Ага жеке спирт заводдорунун атаандаштыгы себеп болууда.

«2009-жылы спиртти өндүрүүгө монополия жоюлгандан бери Кыргызстанда 3 жеке спирт заводу түзүлдү. Алардын ар бири өзүнүн арак заводуна ээ. Ал эми, бизде – мамлекеттик ишканада арак заводуна жабдуу сатып алуу үчүн каражат жок», - деп билдирди А.Эгимбаев.

Мындан сырткары, сырьену жеке заводдор тендердин негизине сатып алууда. Ал эми, дайыма өткөрүүчүлөрдү табуу кыйын, деп кошумчалады ал.

А.Эгимбаевдин айтымында, учурда министрлик жана ведомстволорго заводдун ишин калыбына келтирүү боюнча сунуштар даярдалууда.

Белгилей кетсек, Кыргызстанга жылына 800 миң декалитр спирт керектелет. Кара-Балта шаарынын «Спиртзаводу» мамлекеттик ишканасы жылына 1000 декалитр өндүрө алат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×