Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 20.11.2014 12:30

Вице-премьер Э.Сариева Чүй облусундагы мамлекетке кайтарылып берилген балдар бакчаларына барды

Turmush -  Кечээ, 19-ноябрда вице-премьер-министр Эльвира Сариева мамлекетке кайтарылып берилген Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы «Колосок» жана Ак-Бешим айылындагы балдар бакчасына барды, деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы.

Вице-премьер-министр жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган өкүлдөрүнүн мамлекетке кайтарылып берилген имараттардын базасында жаңы бала-бакчаларды ачуу боюнча жүргүзүп жаткан ишинин маанилүүлүгүн белгиледи.

«Мектепке чейинки билим берүү менен камсыздоо – жергиликтүү бийлик органдарынын келечектүү милдеттеринин бири. Алар бакчаларды калыбына келтирүү боюнча ишти жүргүзүү менен балдарга кам көрүүсү кубандырат. Бүгүнкү күнгө карата Башкы прокуратура болжол менен 50гө жакын балдар бакчасынын имаратын арка кайтарды. Өкмөттүн милдети аларды тез арада оңдоп, ишке киргизүүдө турат», — деди вице-премьер-министр.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×