Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 17.11.2014 12:51

Кара-Балтада татар жана башкыр элдеринин маданият фестивалы өттү (фото)

Turmush -  Кара-Балта шаарында «Идел» маданий борборунун 15 жылдык мааракесине карата татар жана башкыр элдеринин маданият фестивалы өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

«15 жыл аралыгында көптөгөн иштер аткарылды. Биз өз элибизди чогултуп, таланттуу адамдардан иурган маданий борбор түздүк. Татар жана башкыр элинин өкүлдөрү Жайыл жана Кара-Балта шаарында ишкердик менен алектенип, билим берүү тармагында эмгектенип келет. Ошондой эле, арасында согуш ардагерлери, спортчулар, музыканттар жана башкалар бар», - деп билдирди маданий борбордун төрагасы Рафаэль Гарипов.

Анын айтымында, аталган борбор Орусиянын КРдагы элчилиги менен тыгыз байлынышта иштешип келген. Бирок акыркы мезгилдерде бул байланыштар үзүлүп калган.

Фестивалдын алкагында жергиликтүү тургундардын катышуусунда көркөм номерлер тартууланып, элдик көл өнөрчүлүк көргөзмөсү өттү.

Белгилей кетсек, иш-чарага конок иретинде Бишкек жана Ысык-Көл облусундагы татарлардын маданий борборлорунун өкүлдөрү, Жайыл районунун жетекчилери, Кара-Балта шаарындагы улуттук диаспоралардын өкүлдөрү катышышты.

DSC00201

DSC00205

DSC00191

DSC00202

DSC00189

DSC00211

DSC00213

DSC00193

DSC00208

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×