Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 14.11.2014 15:18

Кара-Балтада «Идел» татар-башкырлардын маданий борборунун 15 жылдык мааракеси белгиленет

Turmush -  Кара-Балта шаарынын Макаренко атындагы мектеп-лицейинин базасында эртең, 15-ноябрда «Идел» татар-башкырлардын маданий борборунун 15 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара өтөт. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Татар-башкырлардын диаспорасынын төрагасы Рафаэль Гарипов билдиргендей, иш-чара Орусия Федерациясынын Маданият жылына да арналмакчы.

Белгилей кетсек, Жайыл жана Панфилов райондорунун татар жана башкыр тургундарынан турган «Идил» (Волга) бирикмеси 1999-жылы 28-апрелде түзүлгөн. Анда алгач 1,5 миң адам болсо, учурда 600гө жакын татар жана башкыр улутунун өкүлдөрү жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×