Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 14.11.2014 11:20

Жайылда үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун регистратурасын калыбына келтирүүгө 200 миң сом талап кылынат, учурда 10 миң сом чогултулду (фото)

Turmush -  Жайыл райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун регистратурасын калыбына келтирүү үчүн 200 миң сом талап кылынат жана аны борбор өзү каржылай албайт. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда аталган борбордун имаратынын 1-кабаты реконструкцияланууда. Мурдагы регистратуранын ордуна 4-кабаттагы рентген бөлмөсүн көчүрүүдө. Талапка ылайык, ал жакка негизинен буту, колу сынгандар кайрылгандыктан рентген бөлмөсү 1-кабатта жайгашышы керек.

«Бизде көп жылдан бери иштеп жаткан лифт бар, бирок ага кепилдик бере албайбыз. Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан жаңы жабдуунун берилиши рентген бөлмөсүн көчүрүү ишин тездетти», - деп айтылды борбордон.

Билдирүүгө ылайык, регистратураны көчүрүүгө бөлмө бар, бирок ага каржы жок болгондуктан бул иш токтоп турууда.

Учурда Жайыл райондук бириктирилген үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору демөөрчү издеп, бардык кызматтарга кайрылуунун натыйжасында 10 миң сомго ээ болушту.

Белгилей кетсек, Кара-Балта шаарында жайгашкан борбор 100 миң адамды тейлейт.

DSC00160

DSC00158

DSC00157

DSC00159

DSC00156

DSC00162

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×