Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 11.11.2014 14:48

Кара-Балта шаарындагы «Золотой Петушок» бала бакчасында күз майрамы белгиленди (фото)

Turmush -  Кара-Балта шаарындагы «Золотой Петушок» бала бакчасында күз майрамы белгиленди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Маалыматка ылайык, жогорку тайпаларда ачык сабак өткөрүлүп, анда сары жалбырак, түшүм сыяктуу күзгө байланыштуу бардык нерселер камтылды.

Бөлмөлөр балдар эс алуу учурунда чогулткан ар кандай түстөгү жалбырактар менен кооздолсо, музыкалык зал күзгү пейзаж, жер-жемиштердин жана үйдө даярдалган азыктар менен кооздолду.

Ошондой эле, ыр ырдап, бий бийлеген балдар улуу көрармандардын алдына сабиз, бадыраң, баклажан жана башкалардын костюму менен чыгышты.

«Майрам балдар үчүн чоң таасир, толкундануу жана кубаныч тартуулайт. Күз муңдуу мезгил деп эсептелгени менен балдар бул мезгилди жакшы көрүшөт. Анткени бул учурда аппликация жасоо үчүн көп түстүү жалбырактар бар. Күзгү иш-чаралар балдар менен ата-энелердин убактысын жагымдуу жана пайдалуу өткөрүүгө шарт түзөт», - деди аталган бала бакчанын жогорку тайпасынын тарбиячысы Светлана Пиндюрина.

23

22

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×