Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 30.10.2014 09:59

«Кара-Балта спирт заводу» мамлекеттик ишканасында арак заводун уюштуруу үчүн 240 млн сом керектелет, - аким Т.Ногоев

Turmush -  «Кара-Балта спирт заводу» мамлекеттик ишканасында арак заводун уюштуруу үчүн 240 млн сом керектелет. Бул тууралуу Жайыл районунун акими Турусбек Ногоев билдирди.

Анын айтымында, аталган ишкананын жетекчилиги өкмөткө мамлекеттик менчикти приватизациялоо программасына киргизүү сунушу менен кайрылган.

Т.Ногоев билдиргендей, ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугун жана андагы кесипкөй адистерди сактап калуу максатында ишкананын жетекчилиги азык-түлүк спиртин өндүрүүнүн ордуна курамында кант же крахмат бар сырьедон биоэтанол же техникалык спортти өндүрүү үчүн кайрадан профилдөө сунушу менен өкмөткө кайрылган.

Белгилүү болгондой, 4-июлда вице-премьер-министр В.Диль ишканага иш сапары менен барып, жыйынтыгында анда кошумча арак заводун уюштуруу үчүн керектелүүчү каражатты эсептеп чыгуу тапшырмасын берген.

Маалым болгондой, быйылкы 2014-жылы спиттин 377,5 млн сомго 500 миң далл чыгарылуусу күтүлүүдө. Спирт өндүрүшүн ишке киргизүү үстүбүздөгү жылдын октябрь айынын аягына пландалып, жылдын жыйынтыгы боюнча 200 миң далл даяр продукция өндүрүү пландалууда.

Бүгүнкү күндө ишкананын салыктар боюнча карызы жок. 2013-жылдын жыйынтыгы боюнча республикалык бюджетке түшкөн кирешенин 50%ын төлөдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×