Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 30.10.2014 09:35

«Кыргыз Алко Трейд» ЖЧКсы продукция өндүрүүнү 74,0%га төөмөндөттү

Turmush -  Чүй облусунун Жайыл районунда айрым ишканалар продукция чыгаруу көлөмүн төмөндөтүп, былтыркы жылдын көрсөткүчүнө дээрлик жетишкен жок. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, «Кыргыз Алко Трейд» ЖЧКсы продукция өндүрүүнү 74,0%га төмөндөттү.

Белгилей кетсек, анын төмөндөшүнө даяр продукциянын сатылышынын төмөндүгү, үстүбүздөгү жылдын январь айынан тарта 1 декалитрге болгон акциздик марканын 60 сомго чейин жогорулашына байланыштуу чыгаруу көлөмүнүн төмөндөтүлүшү себеп болду.

Аны менен катар, ушундай эле себептерден улам «Алсуу» ЖЧКсы продукция өндүрүүнүн 58,9%га төмөндөттү.

Ошондой эле, өнөр-жайдын тоо-кен тармагы үчүн жабдууларды чыгаруучу, тапшырыктарды аткаруу менен даяр продукцияны экспортко жүктөгөн «Сигма» муниципалдык ишканасы да 34,3% продукция чыгарууну кыскартты.

Мындан тышкары, чоң жүк ташуучу унааларды оңдоочу «Авторемонт заводу» 54,8%га кыскарды. Мурда ал Казакстан жана Өзбекстандын тапшырыктарын аткарып келсе, учурда калктын майда тапшырыктары менен алектенүүдө.

Маалым болгондой, аталган ишкана каржылык абалын жакшыртуу максатында жана туруктуу жумуш менен камсыз кылуу үчүн акцияларынын негизги пакетин жеке инвесторлорго сатып, 2-июлда акционерлердин чогулушунда директорлор кеңешинин жаңы курамы тандалган.

Мындан сырткары, толугу менен ишмердүүүлүгүн токтоткон ишканалар да бар. Айта кетсек, «Кара-Балталык спирт заводу» мамлекеттик ишканасы жыл башынан бери 20,8 млн сомго продукция өндүрүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 14,5%ды түздү. Накталай түрдө 50,1 миң дал продукция өндүрүлүп, январь айынын аягынан тарта токтоп турууда. Анын токтошуна кампада товарлардын сатылбастан үйүлүп калышы себеп болгон.

Белгилей кетсек, даяр продукциянын калдыгы 41,0 миң далды түзүп, жыл башынан бери 63,7 миң дал гана жүктөлдү.

Кошумчалай кетсек, спиртти негизинен «Алсуу» ЖЧКсы, «Кара-Балта арак заводу» ЖЧКсы, анча көп эмес өлчөмдө «Аю», «Алко Трейд» ЖЧКсы алат. Арак чыгаруучу ишканалардын басымдуу бөлүгү Бишкек, Токмок шаарларындагы жана Беловодское айылындагы жеке араз заводдорунан алууну көздөшөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×