Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 28.10.2014 11:13

Кара-Балтадагы окуучулардын демилгеси менен №10 орто мектептин дээрлик бардык класс бөлмөсү интернетке кошулду

Turmush -  Кара-Балта шаарынын А.С.Макаренко атындагы №10 орто мектебинде дээрлик бардык класс бөлмөлөрү интернетке кошулган. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Аталган мектептин физика мугалими Елена Лысинанын айтымында, интернетке кошуу демилгесин окуучулар көтөрүп чыгышып, камкордук кеңешине кайрылышкан. Натыйжада камкордук кеңеши интернетке кошуу үчүн атайын каражат бөлүп берди.
Маалым болгондой, учурда №10 мектептеги 39 класс бөлмөсүнүн 30унда интернет бар.

«Азыр интернетсиз окутуу мүмкүн эмес. Ал аркылуу көптөгөн үйрөтүүчү программалардын, видео-сабактардын, виртуалдык лабораториялардын ичинен тандап алса болот. Ошондой эле, айтып түшүндүргөн нерселерди көрсөтүп да берүүгө мүмкүн. Биз химиялык, физикалык кубулуштарды көрө алабыз. Балдар атомдорду, молекулаларды, алардын кошулуп, эрип кеткендерин көрүшүүдө. Аны менен бирге, ар кандай презентацияларды даярдоо үчүн бүткүл дүйнөлүк желени колдонуудабыз», - деп билдирди Е.Лысина.

Ал кошумчалагандай, интернетти колдонуу окуучулар үчүн сабакты кызыктуу кылса, мугалимдер үчүн жеңилдетүүдө. Ошол эле учурда сабакты окуу ар тараптуу жүрүп, тереңдетип билүүгө мүмкүн болууда. Ошондой эле, окуучулар мугалимдерге жардам иретинде илимий-изилдөө иштерин жүргүзүшүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×