Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 27.10.2014 09:59

Кара-Балтадагы инновалиядык 100 мектептин катарына кирген №10 орто мектеп жаңы жабдууларга ээ болду

Turmush -  Чүй облусундагы Кара-Балта шаарынын №10 орто мектеби Кыргызстандагы инновациялык 100 мектептин катарына кирет. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Аталган мектептин физика мугалими Елена Лысинанын айтымында, «100 инновациялык мектеп» долбоору Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосунда былтыр ишке киришкен.

Анын негизинде долбоордун жеңүүчүлөрүнө жаңыландырылып, алар жаңы компьютерлер, интерактивдүү такта жана башка мультимедиялык жабдуулар менен камсыз болушту.

«Инновациялык мектеп – мугалимдер окуучунун жаңы билим алуусуна болгон кызыгуусун колдоп, алардын жаңы технологияларды өздөштүрүүдө жардам көрсөткөн акыл борбору болушу керек. Мындай мектептер сапаттуу билим бере башташат», - деп билдирди Елена Лысина.

Маалым болгондой, бул акция жабдуулар менен гана камсыздоо максатында эмес, билим берүүнүн байланыш ыкмасына өтүү үчүн уюштурулду.

Белгилей кетсек, инновациялык мектептерди жабдуулар менен камсыздоо үчүн мамлекеттик бюджеттин эсебинен 100 млн см бөлүнгөн.

Маалыматка ылайык, Жайыл районунан Кара-Балта шаарындагы №10 мектептен тышкары Ново-Николаевкадагы мектеп-гимназиясы да кирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×