Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 16.10.2014 14:28

Орусиядан 500 миң доллардык жабдууга ээ дагы бир «КамАЗды» алып келүү маселеси каралууда

Turmush -  Орусиядан 500 миң доллардык жабдууга ээ дагы бир «КамАЗды» алып келүү маселеси каралууда. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, учурда мындай жабдууга ээ бир унаа бар жана ал Чүй облусунда иш алып барууда.

Бул жабдуулар КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигине Орусия Федерациясы тарабынан «ВИЧ/СПИДдин жана мигранттар менен катар калктын аялуу катмарында жыныстык жол менен жугуучу оорулардын жана сарыктын алдын алуу системасын өнүктүрүү» долбоорунун алкагында берилген.

«Кызыл ай» коомунун ВИЧ/СПИД боюнча программасынын координатору Назгүл Айдаралиеванын айтымында, октябрь айынын аягына чейин көчмө поликлиника Жайыл районунун аймагында болот. Буга чейин Сокулук районунда болгон.

Белгилей кетсек, Чүй облусу мигранттардын басымдуу бөлүгүнүн жайгашкандыгына байланыштуу тандалып алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×