Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 16.10.2014 14:19

Кара-Балтада элди кургак учук жана жыныстык жол менен жугуучу ооруларга карата жапырт текшерүү жүргүзүлүүдө

Turmush -  Кара-Балта шаарында элди кургак учук жана жыныстык жол менен жугуучу ооруларга карата жапырт текшерүү жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Маалыматка ылайык, жуманын башынан бери поликлиниканын жанында заманбап медициналык жабдыктар менен жабдылган «КамАЗ» үлүгүсүндөгү унаа турат. Анда эртеден кечке элдер каьлы алынып, аялдардын гинекологиялык ооруларын, ВИЧ инфекциясын, сарык жана кургак учук ооруларын аныктоо боюнча текшерүү жүргүзүлүүдө.

«Экспресс-тест» кан тапшыргандан кийин 15 мүнөт аралыгында жыныстык жол менен жугуучу ооруларды аныктоого мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле, ал жерде кан тапшырууга чейин жана андан кийин баарлашуу жүргүзгөн психолог дарыгер иш алып барууда», - деп билдирди «Кызыл жарым ай» улуттук коомунун ВИЧ/СПИД программасы боюнча координатор Назгүл Айдарова билдирди.

Анын билдирүүсүндө, биринчи күнү кан тапшырууга баңги затын колдонгон 30 адам келип, 1 жыйынтык оң чыкты.

Маалым болгондой, ал адам оорусу туурулуу билген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×