Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 08.10.2014 16:02

Кара-Балтада билим берүү мекемелери арасындагы сынак жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр акчалай сыйлык алышты

Turmush -  Кара-Балта шаарында 2014-2015-окуу жылына карата жалпы билим берүү мекемелеринин даярдыгы боюнча сынактын жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

«Мыкты шаардык мектеп — 2013» номинациясы боюнча 1-орунду №1 башталгыч мектептин мугалимдик жамааты ээ болду. Анын директору Роговская Ирина Владимировна. Биринчи орунду алгандыгы үчүн билим берүү мекемеси 10 миң сом алды.

Экинчи орунга № 8 орто мектебинин мугалимдери ээ болушту. Анын директору Шабралиева Элмира Уюшбековна, алар 5 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык алышты.

Үчүнчү орунду №12 орто мектептин мугалимдери алышты. Мектеп директору Алыкулов Абдулазиз Казакович, үчүнчү орун үчүен алар 3 миң сом өлчөмүндө сыйлык алышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×