Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 07.10.2014 13:44

Гламжан Гафиров Кара-Балта шаарынын мэриясынын аппаратынын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Turmush -  Кара-Балта шаарынын мэриясында аппаратынын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп Гламжан Гафиров дайындалды.

Гламжан Гафиров 1959-жылы Кара-Балта шаарында туулган. Бишкек шаарындагы кыргыз айыл-чарба институтунда, зооинженер адистиги боюнча окуган.

Жайыл районундагы ири колхоздорунун бири «Коммунизмдин жолу» (азыркы «Жайыл» АЧК) зоотехник болуп иштеген. Андан кийин айыл чарбаны өнүктүрүү боюнча төрагасынын орун басары болуп иштеген.

«Эридан» каржы-өнөр жай корпорациясынын өкүлчүлүгүнүн жетекчиси болгон, «Эридан — декор» жыгач иштетүүчү заводунун директору, «Ирис» кондитердик фабрикасынын башкы директору, Кара-Балта шаарындагы сүт иштетүүчү заводунун директору болуп иштеген.

Жарандарга ал «Айлана» завонунун негиздөөчүсү катары белгилүү. Акыркы иштеген кызмат орду — КР өкмөтү алдындагы агро өнөр-жай азык-түлүк корпорациясы.

Мэриянын аппаратынын мурунку жетекчиси Анаркүл Ниязова Жайыл районунун акиминин орун басары болуп дайындалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×