Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 02.10.2014 16:10

«Жунда» Кыргызстан үчүн эмес, жалаң Тажикстан, Ооганстандын кызыкчылыгы үчүн иштеп жатат, - депутат У.Кочкоров

Turmush -  Кыргызстанда күйүүчү майга карата баа акырындар отуруп 4 ай ичинде 30%га чейин өстү, деди депутат Улукбек Кочкоров («Ата Журт») бүгүн, 2-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында.

Анын айтымында, товарлардын наркы да өсүп жатат.

«Бааны рынок өзү аныктайт деп отура бербей, өкмөт алдын алуу чараларын көрүп, баалардын кескин өсүшүнө бөгөт коюшу керек. Болбосо, эртең кеч болуп калат», - деди ал.

Кара-Балта шаарындагы «Жунда» мунай зат иштетүү ишканасын мисалга келтирген эл өкүлү, «Мына, «Жунда» азыркы кезде Кыргызстан үчүн эмес, жалаң Тажикстан менен Ооганстандын кызыкчылыгы үчүн иштеп жатат. Дегеле, күйүүчү майдын өлкө аймагынан чыгарылып кетишине бөгөт коюу зарыл. Керек болсо, бажы алымдарын көтөрөлү», - деп кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×