Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 19.09.2014 12:50

Кара-Балтадагы дарыгерлер селсаяктар паразиттик жана курч ичеги оорулардын чыгышына себепчи болуп калаарын эскертүүдө

Turmush -  Дарыгерлердин пикиринде, так аныкталган жашоочу жери жок адамдар ар кандай оорулардын чыгышына себеп болуп калуулары мүмкүн.

Маалым болгондой, Кара-Балта шаарындагы дарыгерлер, селсаяктар курч ичеги жана паразит ооруларынын чыгышына себеп болуп калуулары мүмкүн экендиги тууралу көйгөйдү көп көтөрүп жатышат.

Жайыл районунун медициналык борборунун дарыгер-инфекционисти Кудайберди Кулбаевдин айтымында, селсаяктар таштандыларды жана контейнерлерден чыккан турмуш-тиричиликтик жаман таштандыларды ташташат. Аларды селсаяк иттер эл жашаган аймактардын баардыгына ташышат. Ошондуктан инфекциялык оорулардын жайылышына шарттар түзүлүүдө. Жылуу аба ырайы учурунда андан да тез жайылышат.

«Ар кандай оорулар пайда болушу мүмкүн: лямблиоздор, гельментоздор. Биз аймактык инспекторлордон, кварталдык комитеттердин өкүлдөрүнөн алар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү суранам. Эгер алар селсаяктарга таштанды урналарын аңтарууга уруксат беришсе анда ал адамдар таштандыларды таштанды урнадан тышкары таштабагандыгын көзөмөлдөшсүн. Аларга таштандыларды таштабоого аймакты тазалаган коммуналдык кызматтын жумушчулары да тыюу сала алат. Селсаяктар аларга дагы көйгөй жаратышат да. Таштандыларды ар жолу ар жерден чогултууга туура келет», - деди К.Кулбаев.

БОМ

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×