Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 09.09.2014 16:53

Кара-Балтанын өнөр-жай ишканалары 6 ай ичинде 13 967,0 миң сомго продукция өндүрдү

Turmush -  Чүй облусундагы Кара-Балта шаарынын өнөр-жай ишканалары үстүбүздөгү жылдын I жарым жылдыгында 13 967,0 миң сомдук суммага товардык продукция өндүрүп, былтыркыга салыштырмалуу 101,5%ды түздү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Маалыматка ылайык, көрсөткүч «Кара-Балта арак заводу» ЖЧКсында 322,7%, «КЗСИ» ЖЧКсында 187,1%, «Дан» мамлекеттик ишканасында 160,4%, «Эки союз» бириктирилген ишканасында 154,4%, «ЭТВ» ишканасында 118,4% жана «Колос» сыра чыгаруучу компаниясында 113,0%га жогорулаган.

«Кара-Балта шаардык мэриясы аталган шаарда гана эмес өлкө боюнча ири инвесторлордун бири «Чайна Петроль Компании Жунда» мунай иштетүүчү заводуна чоң үмүт артууда. Анын чыгарган продукциянын көлөмү толук аткарылбаган күндө да июнь айында гана 221619,0 миң сомду түздү», - деп билдирди Кара-Балта шаарынын мэри Данияр Шабданов өнөр-жай ишканаларынын I жарым жылдыктагы ишин баалоо учурунда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×