Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 08.09.2014 13:55

Кара-Балта шаарында 2 өндүрүш ишканасы токтоп турат жана дагы 4 ишкана өзүнүн өндүрүшүн толугу менен токтотту

Turmush -  Кара-Балта шаарында өндүрүш ишканаларынын өндүрүш ыргагы ылдыйлап бара жатат, кээ бир учурда толугу менен токтоп калууда. Бул тууралуу шаар мэри Данияр Шабданов билдирди.

Мисалы, «Ал-Суу-Алко» ЖЧКсы - 47,2%, Мамлекеттик «Кара-Балта спирт ишканасы» 14,5%га азайган. Аталган ишканалар складдын даяр товарлар менен толуп калгандыгына байланыштуу дээрлик токтоп турат.

Бүгүнкү күндө ар кандай себептерге байланыштуу шаардын бир катар: «Аква-Вита» ЖЧК, «Кара-Балта Килем» ЖЧК, «Бакай-Инпак» ЖЧК, «КРМЗ» ЖЧК сыяктуу ишканалары өз ишмердүүлүктөрүн токтотушту. Аталгандардын себеби болуп кээ бирде лицензияларды артка кайтарып алуу, жабдуулардын эскилиги, кайтарым каражаттардын жана буйрутмалардын жоктугу эсептелет.

«Буга карабастан Кара-Балта шаарынын мэриясы аталган ишканалардын жетекчилери жана райондун, облустун, республиканын жетекчилери менен аталган ишканаларда даярдалган продукциялардын өсүшү үчүн эле эмес социалдык салык төлөмдөрүнөн кутулусу үчүн да кандайдыр бир мүмкүн болгон жардамдарды берүү үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат», - деди мэр.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×