Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 30.08.2014 13:26

Кара-Балтада жеке менчикке өтүп кеткен мектеп маселеси 2 жылдан бери чечилбей келет

Turmush -  Кара-Балта шаарындагы имаратына Экономика жана укук техникуму жайгашкан №7 мектеп 2 жылдан бери муниципалык менчикке кайтарылбай келет. Бул тууралуу шаардык кеңештин «Республика» партиясынын депутаты Фанаргүл Абдылдаева мектептердин жаңы окуу жылына даярдыгы боюнча өткөн коллегиянын жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында, Кара-Балта шаарында жыл санап окуучулардын саны өскөндүгүнө байланыштуу мектептерде 3, айрымдарында 3 сменада окуп жатышат.

Анын менен катар, депутат жеке менчикке өтүп кеткен мектептердин бар экендигин айтып, мэрия тарабынан аларга карата чара көрүлбөй жаткандыгын белгиледи.

«Мектепти балдарга бергиле! Аларды ижарага берүүдөн мамлекеттин казынасына каражат түшпөй жатат. КРнын «Билим жөнүндө» мыйзамынын 47-беренесине ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү мекемелери жеке менчик билим берүү объекттерине өткөрүлбөйт», - деди Ф.Абдылдаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×