Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 27.08.2014 13:28

Кара-Балтада Т.Сатылгановдун 150 жылдыгына арналган «Жылдыздар парады» өтөт

Turmush -  Кыргыз эстрадасынын жылдыздары Жайыл районунун элине кайрымдуулук концертин өткөрүшөт. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Кара-Балта шаардык мэриясы маалымдагандай, концерт 31-август күнү Кара-Балта шаарындагы «Манас» спорт комплексинин базасында өтүп, анда топтолгон каражат Токтогул Сатылгановдун өмүр-чыгармачылыгы жөнүндө тасма тартууга сарпталмакчы.

Белгилей кетсек, кайрымдуулук концерти Кыргызстандын бардык аймактарында болору күтүлүүдө.

Маалымат иретинде: Токтогул Сатылганов (1864–1933) кыргыздын улуу төкмө акыны, комузчу. 12 жашынан тарта ырдай баштаган акын сатиралык негиздеги чыгармалары үчүн Сибирге сүргүнгө айдалып, 1910-жылы качып келген. Т.Сатылгановдун туулуп өскөн жери Жалал-Абад облусунун Кетмен-Төбө жергесине анын наамы ыйгарылган. Ошондой эле, Нарын дарыясындагы ири ГЭС, суу сактагыч, Бишкектеги көчө жана Улуттук филармония Т.Сатылгановдун наамын алып жүрөт.

Мындан тышкары, 1965-жылы Т.Сатылгановдун наамындагы Мамлекеттик сыйлык бекитилип, Токтогул айылында, Бишкек жана Ош шаарында анын эстелиги орнотулган.

Аны менен катар, анын чыгармачылык мурасына арналган бир катар макала жана китептер жарык көрүп, акындын элеси бир топ адабий, музыкалык, живопистик жана графикалык чыгармаларда чагылдырылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×