Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 27.08.2014 09:31

Кара-Балта шаардык мэриясынын кызматкерлери «Жылдын мыкты билим берүү мекемеси» наамына ат салышып жаткан бала бакчаларды текшерди (фоторепортаж)

Turmush -  Кара-Балта шаарынын вице-мэринин милдетин аткаруучу Эмил Орозбаков жана мэрдин кеңешчиси Кадырбек Жекшеналиев кечээ, 26-августта «Жылдын мыкты билим берүү мекемеси» наамына талапкер 2 бала бакчаны көрүп кайтышты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган наам үстүбүздөгү жылдын жаз айларында жүргүзүлгөн 3 айлык көрктөндүрүү иштеринин натыйжасында берилмекчи.

Белгилүү болгондой, «Жылдын мыкты билим берүү мекемеси» наамына шаардагы бардык мектеп, техникум, лицей жана бала бакчалар ат салышып, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринен «Малыш» жана «Чебурашка» бала бакчалары көрсөтүлүүдө.

«Эки бала бакча тең жашылдандырылып, көрктөндүрүлүп, аталган наамга татыктуу. Наамдан тышкары, акчалай сыйлык да каралган. Баарынан да «Малыш» бала бакчасынын аймагындагы баклажан, помидор, жүсай, капуста жана башкалар өстүрүлгөн огород баарыбызды таң калтырды. Учурда мектептердин оңдоп-түзөө иштери аяктадоодо. Эми бала бакчаларды оңдоо боюнча тендер ойнотулат жана ал жумуштар окуу процессине тоскоол болбойт», - деди Э.Орозбаков.

Белгилей кетсек, кароо-сынактын жыйынтыгы 31-августта Эгемендүүлүк күнүндө салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө белгилүү болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×