Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 25.08.2014 18:38

Кара-Балтада 31-август күнү Эгемендүүлүк жашына карата асманга 23 шар учурулат

Turmush -  Кара-Балтада 31-август күнү Эгемендүүлүк жашына карата асманга 23 шар учурулат.

Ленин атындагы маданият үйүнүн директору Шахида Ахмедова билдиргендей, КРнын Эгемендүүлүгүнө карата өткөрүлүүчү иш-чаралардын планы бекитилди.

Маалым болгондой, 31-августта эртең менен раймамадминистрациянын аянтында салтанаттуу иш-чаралар өтөт.

Түштөн кийин шаардын жогорку бөлүгүндө жайгашкан сейил багында Ленин атындагы маданият сарайынын жанында улуттук сейилдөө уюштурулат.

«Салттуу түрдө асманга шар учурулуп, быйыл алардын саны 23 болмокчу», - деди Шахида Ахмедова.

Белгиленген графикке ылайык, майрамдык-концерттик программа 4 саатка созулат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×