Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 23.08.2014 11:10

Кара-Балта шаары Чүй облусунун ички дүң продукциясынын 50%ын берет, - мэр Данияр Шабданов

Turmush -  Кара-Балта шаары Чүй облусунун ички дүң продукциясынын 50%ын берет. Бул тууралуу Кара-Балта шаарынын мэри Данияр Шабданов «Кара-Балта» кепилдик фондунун 5 жылдыгын белгилөөнүн алкагында ЮСАИДдин өкүлдөрү менен жолугушуусу учурунда билдирди.

Шаар мэринин айтымында, Кара-Балтанын инвестиция тартуу боюнча потенциалы жогору.

«Кара-Балта шаарында алтын чыгаруучу аффинаждык жана тоо-кен комбинаты иштейт. Мындан тышкары, айыл-чарба продукцияларын кайра иштетүүчү өндүрүшчүлөр жана кубаттуулугу 1 млн тоннага жеткен Кыргызстандагы жападан жалгыз мунай иштетүүчү комбинат иш алып барууда», - деди мэр.

Аны менен катар шаарда жаңы жумуш орундары түзүлүп, өлкөнүн бардык аймактарынан жумушчулардын тартылып жаткандыгын кошумчалады.

«Ошондой эле, өлкөнүн экспорттук потенциалы түзүлүүдө», - деп билдирди Д. Шабданов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×