Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 12.08.2014 10:23

Каракол, Токмок, Кара-Балта шаарларында жана аймактарда психикалык жактан жабыркагандар үчүн Эл аралык жаштар жумалыгы өткөрүлөт

Turmush -  Кыргызстанда бүгүн, 12-августтан баштап 19-августка чейин психикалык жактан жабыркагандардын маселелерине арналган Эл аралык жаштар жумалыгы өтөт. Уюштуруучулар маалымдагандай, адамдын укугу бузулгус болуп, ден-соолугундагы айырмачылыкка карабастан жалпыга тиешелүү экендигин «Мен — адаммын» аталышындагы девиз менен маалыматтык-түшүндүрүү иш-чарасын өткөрүү пландалууда.

«Психикалык жактан жабыркаган жаштарда өзгөчө так пайда болуп, көпчүлүк учурда негативдүү стереотиптерди жаратат, бул кыйынчылыктарды психикалык жактан жабыркаган жаштардын жеңип чыгып, толук кандуу, дени сак жашоосу үчүн көп иш талап кылынат», - деп белгилешет уюштуруучулар.

Иш-чара Бишкек, Каракол шаарларында, аймактарда жана Токмок шаарындагы психоневрологиялык үй-интернатында, Кара-Балта шаарындагы Жайыл райондук аялдардын психоневрологиялык үйүндө өткөрүлөт.

Уюштуруучулар: Кыргызстандагы БУУнун Ыктыярчылар программасынын кызматкерлери, Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги, Эл аралык миграция уюму, ЮНИСЕФ жана башка эл аралык уюмдар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×