Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 30.07.2014 10:08

Кара-Балтада сейрек кездешүүчү темир чыгаруучу завод бир жылдан бери иштебей турат

Turmush -  Кара-Балтада сейрек кездешүүчү темир чыгаруучу завод «Имоту-Энтерпрайз» ЖАК иштебей келет. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Маалыматка ылайык, молибден кычкыл аммонийин, молибден трехокиси чыгаруучу ишкана өндүрүштүк кызматтарынан (башка ишканаларга жеке коммуникациясы аркылуу электр энергиясын берүү) тышкары бир профилдүү жана экспортко багытталган.

«Имонту -Энтерпрайз» ЖАКда Монголия, Чили, Өзбекстан сыяктуу алыскы чет өлкөдөн алынып келинген молибден концентратын иштеп чыгарат. Чийки затты жеткирүү узак убакытты алгандыктан күтүү убактысы көпкө созулат.

Акыркы жылга карата 2013-жылдын май айынан тарта завод ишин таптакыр токтоткон.

Ишканадан маалым болгондой, өндүрүштү башка (сульфид концентраты) чийки зат менен камсыздоо үчүн бир айда 100 тонна концентрат иштеп чыгара ала турган бышыруучу мештерди реконструкциялоо каралган.

Учурда ишканада кайра иштетүүгө базарда чектелүү бышырылган гана концентрат техникалык жөндөмдүүлүккө ээ. 2014-жылга карата чийки зат алып келип туруу боюнча келишимге ээ эмес.

Белгилей кетсек, ишкана аффинаж заводунун продукциясын эсепке албастан 2,4 млрд сомго өндүрүш продукциясын иштеп чыгарууну пландоодо.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×