Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 29.07.2014 11:34

«Кара-Балта килем комбинаты» жабдыктарын модернизациялоо үчүн орусиялык инвесторлорго билдирме берди

Turmush -  «Кара-Балта килем комбинаты» жабдыктарын модернизациялоо үчүн орусиялык инвесторлорго билдирме берди.

«Кара-Балта - Килем» ЖЧК - килем жана килем буюмдарын чыгаруучу жеке ишканасы 2013-жылдан бери токтоп турат.

Негизги маселе — токуу жабдыктарынын эскириши, жүгүртүү каражатынын жоктугу.

Мындан тышкары, түркиялык жана кытайлык өндүрүшчүлөр менен базардагы атаандаштыктын жогору экендиги белгиленет.

Ишкананын жетекчилиги продукцияны чыгаруу ишин калыбына келтирүү максатында Улуттук стратегиялык иликтөө институтунун маалымат базасына өндүрүштү (программалык башкаруудагы жаңы токуу станогун алуу) модернизациялоого долбоор-билдирмесин жайгаштырды.

Кошумчалай кетсек, ишкана инвесторлорду табууга экинчи ирет аракет кылууда.



Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×