Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 14.07.2014 09:50

Кара-Балта шаарында Украинадагы согушка каршы кол топтоо башталды

Turmush -  Кара-Балта шаарында ыктыярчылар тобу көңүл кош карабаган адамдардан түштүк-чыгыш Украинадагы карапайым калкка жасалып жаткан фашизмге каршы кол топтой баштады. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка ылайык, шаар боюнча ондогон журналдардан өкүлдөр жиберилип, аз убакыт ичинде миңдей кара-балталык жаран кол койду. Ошондой эле, Украинада болуп жаткан окуялар чагылдырылган фотосүрөттөрдөн турган атайын буклеттердин жасалган. «Өз жашоочуларын себеби жок өлтүрүп жаткан ырайымсыз кыргын токтотулсун. Украинанын эли бүтүн дүйнөндөн калкын сактап калууга жардам сурайт», - деп айтылыт билдирүүдө.

Маалым болгондой, аталган акцияны бир тууган өлкөдө тынчтык жана коопсуздук орнотууга көмөк көрсөтүү иретинде «Орус дүйнөсү» коомдук бирикмеси демилгеледи. Аталган бирикменин жигердүү мүчөлөрүнүн бири Валентина Иванова билдиргендей, акцияга катышууга эч ким каршылык көрсөтпөстөн, улуттук өзгөчөлүктөрүнө карабастан бардыгынын тилеги бир чыкты.

Белгилей кетсек, кийинки кадам катары бүтүн Жайыл районунун калкы тартылып, чогултулган кайрылуу Украинанын КРдагы элчилигине жиберилмекчи.

карабалт

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×