Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 11.07.2014 12:19

Кара-Балта шаарында 2 тендер өтүп, жакын арада 2 социалдык объектте ири оңдоп-түздөө, калыбына келтирүү иштери жүрмөкчү

Turmush -  Кара-Балта шаарындагы Мелькомбинат районунда жайгашкан «Колосок» бала бакчасы жана Ленин атындагы маданият үйүн оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн тендер өткөрүлдү. Бул тууралуу Кара-Балта шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы билдирди.

Кара-Балта шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси Турусбек Элебесовдун айтымында, учурда тендерден өткөн көтөрмөчү ишканаларга аудитордук текшерүү жүргүзүлүүдө. Текшерүү аяктаган соң гана ал уюмдардын жарыяланмакчы.

Маалыматка ылайык, маданият сарайынын 2-кабатында оңдоо ишин жүргүзүү пландалууда. Бул максатта шаардык мэриядан 4 млн сом каражат бөлүнөт.

Муниципалдык менчик башкармалыгы билдиргендей, фойенин эмен полу акыркы 50 жыл ичинде бир да жолу оңдолбогондуктан аны оңдоо кыйынга турат. Ошондой эле белгиленген иштерге квалификацияга ээ жана тиешелүү жабдыктары бар гана адитер тартылат.

Оңдоо иштери көрүүчүлөр залында жүргүзүлүп, андагы отургучтар жана эски жыгач терезе каптоолор заманбап желим каптоо менен алмаштырылмакчы.

«Колосок» бала бакчасын оңдоого 12 млн 25 миң сом каралган. Көтөрмөчү ишкананын биринчи кабатта жылуулук, канализация жана суу өткөрүү иштерин жасары күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, аталган бала бакчаны үстүбүздөгү жылдын күз мезгилинин аягында ачуу пландалууда. Кара-Балта шаарындагы эң чоң бала бакчага 10 жылдан бери көңүл бурулбай келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×