Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 08.07.2014 13:47

Фото — Азербайжандан сатылып алынган кумшекердин биринчи партиясы Бишкек жана Кара-Балта шаарларына жеткирилди

Turmush -  Азербайжандан Кыргызстанга алынып келген кумшекердин биринчи партиясын бүгүн, 8-июлда биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев текшерип чыкты.

Кумшекер республиканын азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо маселесин ыкчам чечүү жана ички базарлардагы азык-түлүктүн баасынын туруктуулугун камсыздоо максатында алынды.

Мурдараак маалымдалгандай, өкмөт тарабынан Мамлекеттик материалдык резерв фондуна Azerbaycan Seker Istensalat Birliyi ММС компаниясынан 10 миң тонна кумшекер сатып алуу тапшырмасы берилген.

Биринчи партия Бишкек (256 тонна) жана Кара-Балта (256 тонна) шаарларына алынып келинди. Ал эми, Кара-Балта шаарынан республиканын түштүгүнө жөнөтүлөт.

Мамлекеттик материалдык резервтер фондунун маалыматы боюнча, кумшекер республиканын аймагында транспорттун эсеби менен 44,80-47,10 сомдон сатылат.

 сахар

сахар1

сахар6 сахар5 сахар4 

сахар22

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×