Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 07.07.2014 13:09

Кара-Балтадагы №102 кесиптик-техникалык лицейи кенже мал доктурлардын алгачкы тобун уядан учурду

Turmush -  Кара-Балта шаарында 18 жаш адис мал доктурдун жардамчысы кесибине ээ болушту. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка ылайык, алгач «мал чарбачылык чебери» бюджеттик курсу Жайыл районунун Ново-Николаевка айылындагы №35 кесиптик лицейинде окутулуп, эки лицей кошулгандан кийин Кара-Балта шаарындагы №102 кесиптик лицейинде улантылган.

Аталган окуу жайдын директору Гүлнара Төлөнөва билдиргендей, бул курс Жайыл районунда алгач ирет окулуп жатат. «Бул окуу-типтик программа Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин алдындагы кесиптик-техникалык билим агенттиги тарабынан иштелип чыккан. 10 ай аз болгону менен бул убак аралыгында кенже мал доктурлар бул багытта негизги билим ала алышты.

«Белгилүү болгондой, мал доктурларды жогорку окуу жайларында гана даярдайт. Бирок айыл жергесинде мал доктурлардын жетишсиздигинен улам ушундай курс ачтык. Демилгени №35 кесиптик лицейинин директору көтөрүп чыккан. Учурда аны менен бирге иш алып барабыз», - деди ал.

Гүлнара Төлөнөванын айтымында, 18 кенже мал доктур жакын арада ишке киришет. Жайыл районунун агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчилиги айыл башкармалыктары менен жаш адистерди жумушка орноштуруу боюнча келишим түзүп, алардын ар бири белгилүү бир айылда иштейт. «Биз балдардын коомдун пайдасына иштеп, аларга пайда алып келүүсүн каалайбыз», - дейт Гүлнара Төлөнөва.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×