Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 03.07.2014 12:47

Европа өнүктүрүү банкы Кара-Балтада суу каналдарын калыбына келтирүү долбоорун ишке ашырууну создуктургандыгы үчүн санкция жарыялаганы калп, - мэр Д.Шабданов

Turmush -  Кара-Балта шаарынын мэри Данияр Шабданов суу түтүктөрү тармагын реконструкциялоо боюнча Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо долбоорун ишке ашыруу тууралуу өзүнүн пикирин билдирди, деп маалымдады аймактык кабарчы.

Д.Шабдановдун айтымында, Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын долбоору эч кандай кечиктирүү, мөөнөтүн узартуу болбостон, планга ылайык ишке ашырылууда. «ММК тарабынан долбоордун иштебей жаткандыгы, анын чындыкка дал келбестиги тууралуу маалыматтар чыкты. Бул 5 млн еврону түзгөн чоң долбоор. Ага ылайык, биздин аткара турчу юридикалык милдеттерибиз да көп. Учурда «Кара-Балта сууканалы» муниципалдык ишканасы менен ПО «ЭТВга» таандык эки цехти (суу менен камсыздоо жана суу буруу) бириктирүү боюнча өкмөттүн чечимин күтүүдөбүз. Жаңы бирикменин акционердик коом же муниципалдык менчикке өтөрүн өкмөт чечет», - деди Данияр Шабданов.

Эске салсак, 24-июнда «АСПИРО» компаниясы тарабынан уюштурулган жумушчу кеңешмеси өтмөк, бирок ага депрутаттар толугу менен келбегендиги маалымдалган. Мындан улам депуттардын маанилүү жолугушууну үзгүлтүккө учураткандыгы тууралуу маалымат кеткен.

Д.Шабдановдун айтымында, эл өкүлдөр өкмөттүн чечими чыкмайынча маанилүү чечим чыгара алышпайт.

Д.Шабданов Кара-Балта шаарынын мэри «АСПИРО» жана «Фихнер» аттуу эки көтөрмөчү компаниянын алып барып жаткандыгы белгилеп, алардын дайыма мэриянын адистери менен жолугуп, техникалык изилдөөлөрүн өткөрүп келерин билдирди. Ошондой эле Данияр Шабданов Кара-Балта шаарына долбоорду үзгүлтүккө учураткандыгы үчүн 100 миң сом иретинде жарыяланган санкцияны четке какты. «Мен өзүм жеке Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын жетекчилиги менен сүйлөштүм. Анда шаарга карата эч кандай санкциянын жок экендигин маалымдашты», - деп билдирди мэр.

Тема боюнча: Европа өнүктүрүү банкы Кара-Балтада суу каналдарын калыбына келтирүү долбоорун ишке ашырууну создуктургандыгы үчүн санкция жарыялады

Кара-Балта шаардык кеңештин депутаттарынын суу түтүктөр тармагын кайра калыбына келтирүү маселесин чечүү боюнча жолугушуусу болбой калды (фото)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×