Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 10.06.2014 08:59

Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттары кезексиз жыйында вице-спикер кызматына Ольга Архипованы бекитишти

Turmush -  Кечээ, 9-июнда Кара-Балта шаардык кеңешинин кезексиз жыйыны болуп, ага баардык 31 депутат катышты. Аймактык кабарчы маалымдагандай, күн тартибине бир маселе киргизилген, ал вице-спикерди шайлоо.

16 депутат Ольга Архиповага добуш беришти ал «Биримдик» көпчүлүк коалициясынын атынан чыккан. Кезексиз жыйында көпчүлүк депутаттар азчылык фракциядан Анатолий Кимди вице-спикер кызматынан бошотулушуна добуш беришти.

Белгилей кетсек, жаңы жобо боюнча шаардык кеңештин спикеринин эки орун басары болуш керек. Өткөн жыйындарда Анатолий Ким вице-спикер болуп шайланган, ал эми Ольга Архипова тиешелүү добуштарды ала алган эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×